Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Белгилүү ишкер Табылды Эгембердиевдин эстелиги ачылат


Маркум ишкердин айкели ал өзү негиздеген "Шоро" компаниясынын баш кеңсесине орнотулган. Эстеликтин ачылышына мамлекеттик жогорку кызматкерлер, парламенттен, шаар бийлигинен өкүлдөр, ишкерлер жана жалпы эле Табылды Эгембердиевди урматтаган коомчулук катышат.

“Шоро” компаниясынын негиздөөчүсү, публицист, ишкер Табылды Эгембердиев 2015-жылы16-майда, 64 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Ал 1992-жылы иниси Жумадыл Эгембердиев менен бирге улуттук суусундуктарды чыгарган "Шоро" компаниясын негиздеген. Акыркы жылдары тоо туризмин өнүктүрүүнү максат кылып, өлкөдөгү уникалдуу "Супара", "Супара-Чуңкурчак" этнокомплекстерин түптөгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG