Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:28

Ашхабадда миллион долларга карта ойногон топ кармалды, алардын арасында дипломаттар да бар.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булагы билдиргендей, өткөн аптада Мир-4 кичи районунун жашоочулары түндө чыккан чууну басуу үчүн полиция чакырышкан. Оюнчулар тартип сакчыларына эшикти ачпаган соң, алар каалганы бузуп киришкен.

“Азаттыкка” жашыруун маалымат берген полиция кызматкеринин айтымында, батирде 20 киши, алардын арасында үч аял болгон. Оюн үчүн бир миллион АКШ долларын коюшкан.

Ишенимдүү булактар кабарлагандай, кумар оюндарын ойногондордун арасында Түркмөнстандын чет өлкөдөгү дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрү дагы бар.

Айрым маалыматтар боюнча кармалгандардын басымдуу бөлүгү, анын ичинде дипломаттар бошотулган. Жогорку кызматтагы кээ бир чиновниктердин иши сотко өткөнү кабарланды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG