Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

Текебаев-Чотоновдун соту айыпталуучулардын катышуусуз уланууда


Текебаев-Чотоновдун тарапкерлери Биринчи май райондук сотунун алдында. 19-июль, 2017-жыл.
Текебаев-Чотоновдун тарапкерлери Биринчи май райондук сотунун алдында. 19-июль, 2017-жыл.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун соту алардын катышуусуз уланып жатат.

"Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, ишти караган судья Айбек Эрнис уулу Текебаевдин адвокаттары келбей калганына жана айыпталуучулардын сот залынан чыгарылганына байланыштуу териштирүүнү жылдыруу өтүнүчүн канааттандырган жок. Сот айыпталуучуларсыз уланып, Чотоновдун адвокаты Марат Эшперов кылмыш иштин материалдарын иликтөөдө алешемдиктер бар деген негизде аны кайра тергөөгө жиберүүнү өтүндү. Учурда сот кеңешүүгө кетти.

Бүгүнкү жараянда сот менен айыпталуучулардын ортосунда мамлекеттик жактоочу дайындоо боюнча пикир келишпестик чыккан. Сот жана мамлекеттик айыптоочулар сунуштаган кезметчи адвокаттан Текебаев баш тарткан. Өз адвокаттары ооруп калгандыктан төртүнчү адвокат таап келүүнү өтүнүп, мындан улам айыпталуучулар менен соттун ортосунда кайым айтышуу орун алган. Судья Текебаев менен Чотоновду баш ийбегенине байланыштуу залдан чыгарган.

Сотто Текебаевдин укугун үч адвокат Чынара Жакупбекова, Канат Хасанов жана Искен Афиджанов коргоп жатат. Жакупбекова өткөн аптадагы жараяндардын биринде өзүн жаман сезип ооруканада экени айтылган. Экинчи адвокат Канат Хасанов жүрөк оорусу кармап дарыланып жатканын кабарлады. Афиджанов да саламаттыгынан улам келе албай турганын билдирген. Кечээ адвокаттар ооруп калды деген жүйө менен актоочу тарап сотту жылдыруу өтүнүчүн келтирип, жараян бүгүнкүгө жылган. Териштирүүлөрдө күбөлөр суралып бүткөн. Жарыш сөз башталышы күтүлүп жаткан. (NT/TSh)

XS
SM
MD
LG