Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

Ош облустук адвокатурасынын имаратын бузуп кетишти


Ош облустук адвокатурасынын бузулган имараты 27-июль, 2017-жыл.
Ош облустук адвокатурасынын бузулган имараты 27-июль, 2017-жыл.

Ош облустук адвокатурасынын бир имаратын белгисиз бирөөлөр 26-июлдун түнүндө бузуп кетишти. Бул тууралуу аталган уюмдун жетекчиси Көкөн Тургунбаев билдирди. Анын айтымында бузулган имаратта облустук адвокатуранын кеңеш берүү кеңсеси жайгашкан.

Буга чейин уюм жетекчилиги менен коңшу жерде жашаган жарандын ортосунда бул имаратка байланыштуу талаш чыккан. Азырынча аны ким сүрдүргөнү белгисиз.

Облустук адвокатура бул боюнча Ош шаардык прокуратурасына кайрыла турган болууда. Аталган уюм Ош жана Баткен облустарын, Ош шаарын тейлейт, анда 140 адвокат иштейт. Адвокатура Кыргызстандагы адвокаттар коомчулугунун бирлиги жана өзүн өзү башкарат. (YI/NT)

XS
SM
MD
LG