Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Орусия АКШ дипломаттарын чыгарышы ыктымалдыгы айтылууда


Москвадагы Серебряный бор токоюндагы АКШ дачасы
Москвадагы Серебряный бор токоюндагы АКШ дачасы

Эгер Дональд Трамп Орусияга каршы санкциялар боюнча мыйзам долбооруна кол койсо Москва америкалык 35 дипломатты депортациялашы мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министрлигиндеги булагына таянып "Коммерсант" гезити жазып чыкты.

Өткөн жылдын декабрында АКШдан 35 орус дипломаты чыгарылган. Орусиянын Нью-Йорк жана Мэриленд штаттарындагы дачалары жабылган. Вашингтон муну Москванын АКШдагы шайлоого ыктымал кийлигишүүсүнө байланыштуу деп чечмелеген.

"Коммерсанттын" булагы ошондой эле америкалык элчиликтин дача комплексине жана кампаларына да арест салышы мүмкүндүгүн кошумчалайт. Бул күчүнө кирери күтүлүп жаткан жаңы санкциялар АКШда камакта турган орусиялык дипломатиялык мүлктөрдү кайтарып алууга мүмкүнчүлүк бербеси менен түшүндүрүлөт.

XS
SM
MD
LG