Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:03

"Замандаш" партиясы Жээнбековду колдой турганын жарыялады

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

"Замандаш" саясий партиясы быйыл 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоодо КСДП партиясы көрсөткөн, учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдойт.

Бул тууралуу аталган партиянын теңтөрагасы Жеңиш Молдокматов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, 22-июлда партиянын саясий кеңеши жыйынга чогулуп, Жээнбековду колдоо тууралуу чечимге келген. 26-июлда өткөн курултайда саясий кеңештин чечими жарыяланып, жыйынга катышкан 100дөн ашуун делегат аны бир добуштан колдоп беришти.

Жээнбековдун талапкерлиги 15-июлда КСДПнын курултайында сунушталган. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, эми ал ээлеп турган кызматын тапшырып берүүгө тийиш. (NT)

XS
SM
MD
LG