Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 14:50

Өзбекстан Түркиядан аскер унааларын сатып алат


Чопкутталган EJDER 4x4.

Өзбекстан Түркиядан чопкутталган автоунааларды сатып алууну көздөп жатканын Өзбекстандын Коргоо министрлигинин маалымат кызматына таянып, Podrobno.uz сайты жазды.

Тиешелүү келишим 26-июлда түрк коргоо министри Нуреттин Жаникли баштаган делегация Ташкентке келгенде кенен талкууланган.

"Өзбекстан Nurol компаниясынын EJDER 4х4 жеңил чопкутталган унаасын алууну көздөөдө. Өзбек тарап аны быйыл июлда Өзбекстандын шартында сынаган жана натыйжага канааттанган. Учурда аталган аскер техникасынан онду сатып алуу жагы каралууда" дейт өзбек Коргоо министрлигинин өкүлү.

Ал ошондой эле Өзбекстан Түркия менен аскердик-техникалык кызматташтыкты дагы тереңдетүүгө даяр экенин кошумчалады. Бул үчүн аталган машинелерди бирге өндүрүү же түркиялыктардын инвестициясына Өзбекстан аймагында биргелешкен ишкана түзүү да сүйлөшүлүп жатканы белгиленет.

Мурда Өзбекстанга АКШ кайтарымсыз негизде 300 ашуун чопкутталган унааларды берген.

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG