Михаил Саакашвили украин жарандыгынан ажырагандан көп өтпөй өз укугу үчүн күрөшөөрүн билдирип чыкты.
"Менде бир гана украин жарандыгы бар. Андан айрылбайм. Мени качкынга айлантуу аракети жүрүп жатат. Андай болбойт. Башка жакта калбайм жана макамымды өзгөртпөйм. Мен Украинага кайтуу боюнча мыйзамдуу укугум үчүн күрөшөм. Порошенко мен өлкөнүн сыртында жүргөндө пастык менен мени атуулдуктан ажыратууну чечти. Бийликтегилер оппозиция бул күздө олигархтардын сүйлөшүп алуусун токтотуу үчүн көчөгө чыгууга камданып жатканын түшүнгөндүктөн, коркууга алдырышты. Президент Порошенко Конституциянын гаранты болгондун ордуна ага түкүрдү" деди Саакашвили 27-июлдагы видео кайрылуусунда.
Порошенко Саакашвилини жарандыктан ажыратканы 26-июлда белгилүү болгон.Бул учурда саясатчы АКШда жүргөн. Чечимге Саакашвили жарандыкка арыз тапшырган учурда жалган маалыматтарды тапшырган деген жүйө себеп болгон.
Президент Порошенко Михаил Саакашвилиге 2015-жылы жарандык берип, дароо Одесса облусуна губернаторлукка дайындаган. Мурдагы грузин президенти адегенде Одессадагы, кийин Порошенконун өзү жана айланасындагылар менен тил табыша албай өткөн жылдын аягында кызматынан кеткен.