Линктер

жекшемби, 21-январь, 2018 Бишкек убактысы 20:32

Бул тууралуу “Адам укугу” саясий партиясы президенттикке талапкер катары көрсөткөн мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал президенттик жарышка өзүн өзү көрсөткөн парламенттеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановдун штабында иштегендер Бишкекте айрым жарандарга кол топтоо үчүн акча сунуштап жатышат деп айтууда:

- Эркиндик бульварынын кесилишкен Киев көчөсү, 88 дарегинде жайгашкан штабга ошол жерде жашагандар келип, "бүгүн саат эки чамасында эки-үч бала келип, короого спорт аянтчасын куруп беребиз, Бабановго кол чогултуп бергиле" деп, ар бир колго миң сомдон сунуштаганын айтышты. Бул Бабановдун штабынын эмне кылганы? Үгүт баштала электе добуш сатып алуу аракети болуп жатпайбы. Биздин балдар элге барса "Бабановдун штабы миң сомдон берип жатат, силер бербейсиңерби?" деп жатышат. Мен кол чогулта албай жатам.

Турсунбек Акун бул боюнча БШКга расмий кайрыларын кошумчалады. Ал эми Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат, Өмүрбек Бабановдун партиялашы Мирлан Жээнчороев жогоруда айтылгандарды четке кагып, куру доомат катары мүнөздөдү:

- Факты болсо прокуратурага кайрылыш керек. Бирок бул чоң жалаа. Бишкекте расмий катталган кол топтоочулар бар. Алар кол топтоо пункттарын ачып алып иштеп жатат. Өзүңөр барып көрсөңөр да болот. Андай бир да факты жок. Аны расмий айтса, далилденбесе биз да мыйзамга ылайык чара колдонобуз. Бул агитациянын бир түрүнө кирет, антиагитация. Шайлоо жараянында тастыкталган гана фактыларды бири-бирибизге айтышыбыз керек.

БШКнын соңку маалыматы боюнча президенттик кызмат үчүн ат салышуу ниетин билдирип арыз менен кайрылгандарын саны ушу тапта 42 адам болду. Мыйзам боюнча саясий жарышка катышууну көздөгөндөр талапкер катары катталуу үчүн 30 миң кишинин колу коюлган тизмени БШКга тапшырышы керек. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG