Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:39

Ирандын мурдагы вице-президенти Хамид Бакхай камактан күрөөгө бошотулгандан кийин өлкөсүндөгү сот системасын жана камактагыларга мамилени сындап чыкты.

"Баргыла, биздин түрмөлөрдө эмне болуп атканын көргүлө. Мисалы мен отурган камерада бир киши бар эле. Ал абакта отурган 13 айда бир да жолу суракка алынбаптыр" деди Бакхай 26-июлда.

Бакхай коррупцияга айыпталып 9-июлда камакка алынган. Мурдагы президент Махмуд Ахмединежаддын орун басары өзүн айыпсыз санайт. Ошондон улам кармалышына байланыштуу ачкачылык жарыяланган.

Ахмадинежад болсо жакын өнөктөшүнүн камакка алынышын "мыйзамсыздык" жана "жеткен ырайымсыздык" деп атап, тезинен бошотууга чакырган.

Бакхай быйылкы президенттик шайлоого талапкерликке умтулуп, бирок Сакчылар кеңеши аны талапкерликке өткөргөн эмес.

XS
SM
MD
LG