Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:35

106 миң киши Орусиянын "кара тизмесинен" чыга элек


Орусиядагы мигранттар.
Орусиядагы мигранттар.

Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев 27-июлдагы маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылдын 1-январына карата 180 миң адам "кара тизмеде" болчу. 2016-жылдын 1-январында бул сан 118 миң болгон. 2017-жылы тизмедегилер 106 миңге кыскарды. Анын 53 миңи "кара тизмеге" соттун чечими менен кирген:

- Азыркы учурда биздин юристтер мунун үстүнөн иштеп жатышат, - деди Айдаралиев.

Буга чейин Миграция кызматы быйылкы жылдын аягына чейин 43 миӊ жарандын «кара тизмедеги» үч жылдык депортациялоо мөөнөтү аяктоого тийиш деп маалымдаган.

2013-жылы Орусия бийлиги миграция мыйзамдарын бузган чет элдик жарандардын тизмесин түзгөн. Ага кирген чет элдиктерге ар кандай мөөнөттө Орусияга кирүүсүнө тыюу салынат. (KR/NT)

XS
SM
MD
LG