Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:52

Депутат Аида Салянованын соту уланат


Аида Салянова сотто.
Аида Салянова сотто.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат, мурдагы юстиция министри жана экс-башкы прокурор Аида Салянованын соту бүгүн уланат. Жараян 24-июлда ишти карап жаткан Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Кубанычбек Касымбековдун чечими менен бүгүнкүгө которулган. Буга Салянованын адвокаты Чынара Жакупбекова ооруп калган деген негизде келбегени себеп болгон. Жараянда судья адвокат дарыланууда жүргөнүнө нааразылык билдирген. Мамлекеттик айыптоо тарап дагы актоочулар териштирүүнү атайылап создуктуруп жатат деп айтышкан. Буга айыпталуучу тарап макул болгон жок.

Аида Саляновага 2010-жылы Кыргызстандын юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү саналган ишкер "Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Депутат муну четке кагып келет. (NT)

XS
SM
MD
LG