Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:40

АКШ Сенаты Орусияга каршы жаңы санкцияларды жактырды


Америка-орус лидерлери алгач ирет июль айынын башында Гамбургда жолугушкан.
Америка-орус лидерлери алгач ирет июль айынын башында Гамбургда жолугушкан.

АКШнын Сенаты Орусияга жаңы санкцияларды киргизе турган мыйзамды дээрлик бир добуштан колдоп, президентке кол коюуга жөнөттү. 27-июлдагы добуш берүүдө кошумча санкцияларды 98 сенатор колдоп, экөө каршы болду.

Бул мыйзам президент Дональд Трамптын кайсы бир санкцияны токтотуу же жеңилдетүү укугун да чектейт. Ал үчүн президент өз чечимин Конгресске негиздеп бериши керек.

Орусияга кошуп Түндүк Корея жана Иранга санкция сала турган бул мыйзам долбоору 25-июлда АКШнын Өкүлдөр палатасында да чоң колдоого ээ болгон.

Буга чейин Ак үй жаңы санкцияларды кубаттарын билдиргени менен президенттин ыйгарым укуктары чектелгенине каршы болгон.

Орус расмийлери жаңы санкцияларды президент Трамптын Орусия менен алаканы оңдоо аракетине залакасын тийгизген жана эки тараптуу алаканы ого бетер начарлаткан аракет деп мүнөздөшкөн. Иран да АКШ конгрессмендеринин санкцияларын кескин сындап чыккан.

XS
SM
MD
LG