Өзбекстандын Башкы прокуратурасы мурдагы өзбек президенти Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара боюнча биринчи жолу расмий маалымат берди.
28-июлда жарыяланган билдирүүдө 2015-жылы Гүлнара Каримованы камакка алуу чечими чыкканы, кошумча айыптар да коюлушу ыктымалдыгы жана иликтөө-тергөө амалдары улантылып жатканы айтылат.
Маалыматка ылайык, 2015-жылы Каримова жана анын тобунун мүчөлөрү акча өндүрүү, акчаны кымырып алуу жана салыктан качуу беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Натыйжада быйыл 45ке чыккан Каримова айымга карата беш жылга "эркиндигин чектөө" чечими чыккан.
Прокуратуранын тексти узун билдирүүсүндө Каримова жасалма документ жасоо, арам акчаны адалдоо сыяктуу башка дагы бир топ кылмыштар боюнча айыпталып жатканы айтылат.
Бирок Өзбекстандын башкы көзөмөл органы мурдагы президенттин кызы качан кармалганын так билдирген жок. Буга чейин Каримова 2014-жылдан бери Ташкентте үй камагында жатканы кабарланган.
Гүлнара Каримова кезинде Ислам Каримовдун мураскору деп мүнөздөлүп, Өзбекстандагы ишкерчилик жана шоу-бизнес тармагын көзөмөлдөп турган. Ислам Каримов 2016-жылы 2-сентябрда 79 жашында көз жумгандан кийин Гүлнаранын Британияда жашаган кенже уулу Өзбекстандын атайын кызматтарын апасынын көзүн тазалагысы келет деп айыптап чыккан. Камактагы Гүлнара Каримова атасынын сөөгүн акыркы сапарга узатуу зыйнатына да катыштырылган эмес.