Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:43

Иран АКШнын санкциясына карабай ракета сынады


"Симорг" ракетасы
"Симорг" ракетасы

Иран АКШнын санкцияларына карабай космоско спутник алып чыгууга жөндөмдүү ракетасын сынады. Бул тууралуу ирандык мамлекеттик телеканалдар кабарлашты. "Симорг" деп аталган ракета 500 чакырымдык орбитага 250 килограммдык спутник алып чыга алат.

22-июлда Иран учактарды, дрондорду жана тик учактарды атып түшүрө алган "Сайяд-3" ракетасын жасоо үчүн жаңы борбор ачканын кабарлаган.

18-июлда расмий Вашингтон Терегандын баллистикалык ракеталар программасы жана башка аскердик аракеттери боюнча жаңы санкцияларын жарыялаган.

27-июлда болсо АКШ Сенаты Иранга кошуп, Орусия, Түндүк Кореяга жаңы санкцияларды киргизе турган мыйзамды кабыл алды.

XS
SM
MD
LG