Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун алдында экс-депутат, оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери чогулуп, аны камактан бошотууну талап кылышууда. "Азаттык" радиосунун кабарчысынын маалыматында топтолгондордун саны 50 кишинин тегерегинде. Алар "Жапаровго боштондук!" деп кыйкырып турушат. Сот имаратын милиция күчөтүлгөн тартипте кайтарып, жараянга документ менен киргизди.
Учурда сот башталып, жабырлануучу катары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы өкүлү Эмилбек Каптагаев көрсөтмө берип жатат.
Жогорку Кеңешке мурдагы чакырылышта депутат болгон Садыр Жапаров 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка күнөөлөнүп, 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. (NT/TSh)