АКШнын баш прокурору Жефф Сешнс президенттин сынына карабастан кызматтан кетпей турганын билдирди. Ал "Ассошиэйтед пресс" агенттиги менен 27-июлдагы маегинде президент Дональд Трамп туура деп эсептеп турса кызматта кала берерин айтты.
"Юстиция министрлигинин иши жакшы жүрүп жатат деп ишенем. Министрликке эмне керек экенин жана президент Трамп эмне кааларын түшүнөм. Мен анын күн тартибин колдойм", - деди Сешнс.
Президент Трамп 25-июлда баш прокурор Сешнсти атайын кызматтар ачыкка чыгарган маалыматтарды териштирүүдө "өтө алсыз" болду деп сындаган. Ага чейин Трамп Сешнстин АКШ шайлоосундагы Орусиянын ролу боюнча иликтөөлөргө катышпоо чечимин да айыптаган. Ал эгер Сешнс өзүн иликтөөдөн оолак кармарын алдын ала билгенде аны баш прокурор кылып дайындамак эместигин айткан.
Президенттин мындай билдирүүлөрүнөн кийин АКШнын айрым маалымат каражаттары Трамп жана анын кеңешчилери баш прокурорду алмаштырууну караштырып жатат деп жазып чыгышкан.