Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:19

Кошмо Штаттар Ирандын ракета сыноосун айыптап чыкты


"Симург" ракетасы. AFP сүрөтү. 27.7.2017.

АКШ жасалма жандоочу алып жүрүүчү "Симург" ("Зымырык куш") ракетасын сынаган Иранды Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузду деп айыптап чыкты. Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Хизер Нойерт Ирандын бул кадамын "чагымчыл аракет" деп мүнөздөп, соңку сыноо расмий Тегерандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы жетишилген эл аралык келишимдин моралдык принциптерине да доо кетирерин айтты.

27-июлда Иран 500 чакырымдык орбитага 250 килограммдык жасалма жандоочу (спутник) алып чыгууга жөндөмдүү "Симург" аттуу ракетасын сынаганы белгилүү болгон. Андан мурда расмий Тегеран учактарды, дрондорду жана тик учактарды атып түшүрө алган "Сайяд-3" ракетасын жасоо үчүн жаңы борбор ачканы да кабарланган.

18-июлда расмий Вашингтон Тегерандын баллистикалык ракеталар программасы жана башка аскердик аракеттери боюнча бул өлкөгө карата жаңы чектөөлөрүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG