Линктер

шейшемби, 16-январь, 2018 Бишкек убактысы 13:49

АКШ Сенаты Обаманын саламаттык сактоодогу мурасын коргоп чыкты


Сенатор Жон Маккейн чечүүчү добуш берүү алдында чыгып сүйлөөдө. 25.7.2017.

АКШнын Сенаты мурдагы президент Барак Обаманын саламаттыкты сактоо тармагындагы реформаларынын айрым бөлүктөрүн жокко чыгарууга багытталган мыйзам долбоорун колдобой койду.

Жакында гана мээсинде шишик бар экени аныкталган сенатор Жон Маккейн бул мыйзам долбоору боюнча добуш берүүдө чечүүчү бюллетенди салган республикачылардан болду. Натыйжада Обаманын саламаттыкты сактоону камсыздандыруу реформасын (Obamacare) жокко чыгарууну 49 гана сенатор колдосо, 51и каршы болду.

Ал кездеги президент Барак Обаманын реформасын жокко чыгарууну президенттик шайлоо өнөктүгү маалында байма-бай убада кылган азыркы президент Дональд Трамп Сенаттагы 27-июндун кечиндеги өзү үчүн терс натыйжа болгон добуш берүү жыйынтыгын сынга алды. Ал Твиттерге: "Үч республикачы жана 48 демократ сенатор Америка элинин шаабайын суутту. Баштан бери айткандай, Obamacare урап түшсүн, анан макулдашасыңар. Карап тургула!" - деп жазды.

Эгер Обаманын саламаттыкты сактоо жаатындагы реформасына бөгөт коюлчу болсо, анда саламаттыкты сактоодогу тейлөө бааларынын жогорулашынын айынан 2026-жылга чейин 16 миллион америкалык тургун медициналык камсыздандыруусуз калышы ыктымал деп кабарланган.

XS
SM
MD
LG