Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

Гамбургда кол салуу болду


Гамбург
Гамбург

Германиянын Гамбург шаарында супермаркеттеги кол салуудан бир адам мерт кетип, бир канчасы жараат алды. Немис полициясы кабарлагандай, дүкөндөгүлөргө бычак менен кол салган адам дароо колго түшүрүлдү.

Окуя Гамбургдун түндүгүндөгү Бармбек районунда жума күнү түш оой орун алды. Жергиликтүү тургундарга дүкөндөн чыгып кетүү көрсөтмөсү берилди. Жараат алгандардын так саны жана кол салуунун максаты азырынча белгисиз.

Соңку жылдары Германияда бир нече террорчул чабуулдар катталды. Декабрь айында Берлиндеги жаңы жылдык жармаңкеге чогулган адамдарды унаа тебелетип кетип, андан 12 киши өлгөн.

XS
SM
MD
LG