Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:18

Румыния Рогозиндин учагын өз аймагына киргизген жок


Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Рогозин
Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Рогозин

Румыния менен Венгрия Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Рогозин түшкөн жүргүнчү учагын өздөрүнүн аба мейкиндигине киргизбей койду. Бул тууралуу Рогозин Твиттерге жазып, мындан улам Молдовага сапары токтотулганын билдирди.

Рогозин Молдова президенти Игор Додон менен сүйлөшүү үчүн Кишиневго бараткан. Натыйжада орус вице-премьери түшкөн учак Беларустагы аэропортко конууга аргасыз болду.

Бул маалыматты Румыниянын тышкы иштер министрлиги да ырастады. Евробиримдик Крымдын аннексиясынан кийин "кара тизмеге" киргизген орусиялыктардын арасында Дмитрий Рогозин да бар.

XS
SM
MD
LG