Линктер

жума, 14-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 07:05

Кыргызстандык аскерлер Орусияда танктык биатлонго катышууда


Кыргызстандын Аскер күчтөрүнүн курама командасы Орусияданын Алабино аймагында 29-июлдан 12-августка чейин өтө турган танка боюнча биатлонго катышууда. Иш-чаранын расмий ачылышы бүгүн болот. Кыргызстандык аскерлер ага катышуу үчүн 20-июлда жөнөп кетишкен. Өлкө намысын Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн төрт экипажы коргойт. Аларды танк менен уюштуруучулар камсыз кылат.

Орусия "Танкбиатлону" мелдешин жыл сайын өткөрүп келет. Ага Кыргызстан 2013-жылдан бери катышат. Кыргызстандык аскерлер азырынча байгелүү орундарды ала элек. Өткөн жылы мелдешке 17 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG