Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:06

Жон Келли Трамптын администрациясын жетектейт


Жон Келли
Жон Келли

АКШ президенти Дональд Трамп 28-июльда Рейнс Прибустун ордуна ички коопсуздук министри Жон Келлини президенттик администрация башчысы кылып дайындады.

Бул тууралуу өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазган Трамп, кадр алмаштыруунун себептерин ачык айткан эмес. Америкалык ММКлардын жазганына караганда, Прибус кызматтан кетүү тууралуу арызын бейшемби, 27-июлда жазган. Ал мындан ары да Трамптын саясатын колдой бере турганын билдирген. Рейтер агенттиги 67 жаштагы Келли Ак үйдөгү тартипти камсыз кылуу максатында дайындалганын өзүнүн булактарына таянып жазып чыкты.

Буга чейин Дональд Трамптын маалымат катчысы Шон Спайсер 21-июль күнү кызматтан кеткен. Ал мындай чечимди президент Трамп финансист Энтони Скарамуччини коомчулук менен байланыш бөлүмүнө башчы кылып дайындагандан соң кабыл алган. Прибус Скарамуччинин бул кызматка дайындалышына каршы болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG