Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдиргендей, ажыга барчулардын виза алуу тартиби өзгөрдү. Маалыматка караганда, 2014-2016-жылдарда ажыга барып, быйыл дагы экинчи же үчүнчү ирет зыяратка барчулар эми виза үчүн кошумча 2000 риал (540 доллар) төлөшү керек.
Муфтийдин орун басары Замир Ракиевдин “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, бул өзгөрүүлөр Сауд Арабиянын Министрлер кеңеши кабыл алган жаңы мыйзамга ылайык киргизилүүдө.
- Биз дагы бул жаңылыкты 27-июлда уктук. Эки күндөн бери мурда ажыга баргандардын санын тактадык. Алар кандай шартта төлөй турганын тактап жатабыз. Арабияда жума жана ишемби дем алыш болгондуктан, толук маалыматты ала элекпиз. Орусия, Казакстан жана жакынкы кошуна өлкөлөрдүн муфтияты менен байланыштык. Алар дагы ушул маселенин үстүнөн иштеп жатышыптыр. Ал эми быйыл биринчи жолу зыяратка барып жаткан ажылар 540 АКШ долларын төлөшпөйт.
Замир Ракиевдин айтымында, быйыл экинчи же үчүнчу ирет ажыга барчулардын саны 100гө чукул. Сауд Арабия Кыргызстанга 4585 орун бөлгөн. Быйыл Меккеге ажылык зыярат август айына белгиленген. Алардын алгачкы тобу 7-августта жөнөп кетиши керек. (КЕ)