Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Ооганстанда райондук полиция башчысы ок атышууда каза болду


Ооганстандын чыгышында Талибан радикал кыймылынын согушкерлери менен кагылышууда Газни провинциясындагы Гилан районунун полиция башчысы каза болду.

Бул тууралуу аталган провинциянын полициясынын маалымат кызматына таянып Синьхуа агенттиги жазып чыкты. Окуя бүгүн эртең менен катталган. Анда полиция башчысы Абдул Матин Хеммат согушкерлер менен ок атышуу да жардам берүү үчүн чакырылганы айтылат. Дагы эки полиция кызматкери жараат алган.

Буга чейин өлкөнүн түштүгүндөгү Герешк провинциясында ооган коопсуздук күчтөрүнүн операцияларынан кийин жети талип согушкери жок кылынганы кабарланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG