Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:24

Шайлоо-2017: БШКга арыз бергендердин саны 51ге жетти


БШК имараты.
БШК имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясына дагы эки киши президенттик кызматка талапкер болуп катталуу максатында арыздарын тапшырды. Алардын бири, “Полотбек” коомдук фондунун 66 жаштагы президенти Полотбек Кенжекулов, экинчиси 1973-жылы туулган, “Ридуан” жоокерчилиги чектелген ишкананын директору Акылбек Мансуров. Эки жаран тең өзүн-өзү көрсөткөн.

29-июлга карата Борбордук шайлоо комиссиясына саясий жарышка катышуу үчүн арыз тапшыргандардын саны 51ге жетти. 41 жаран өзүн-өзү көрсөтсө, калганын саясий партиялар сунуштаган.

Шайлоо мыйзамына ылайык, президенттикке көрсөтүлгөн жаран 30 миңден кем эмес жарандын колун топтоп, 1 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн төлөп, шайлоо фондун ачып жана мамлекеттик тилди билгени боюнча тест тапшырышы керек. Мындан соң БШК аны президенттикке талапкер катары каттайт. Ушул күнгө чейин президент болууну көздөгөн 11 жаран атайын түзүлгөн графиктин негизинде кыргыз тилден тест тапшырды.

БШК талапкерлердин арызын 1-августка чейин кабыл алат. Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG