Грузиянын экс-президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили саясий башпаанек сурабайт жана башка өлкөнүн жарандыгын албайт. Бул тууралуу ал 29-июлда "Рустави-2" грузин телеканалына берген интервьюсунда айтты. Ал өзүн Украинанын жараны деп эсептей турганын, аны жарандыктан чыгаруу чечими мыйзамсыз болгонун жана бул боюнча сотко кайрыларын белгиледи.
Грузин саясатчысынын атуулдугу жокко чыгарылганы 26-июлда белгилүү болгон. Буга Саакашвилинин эки жыл мурда украин жарандыгын алаарда жалган маалыматтарды көрсөткөнү себеп болду деп кабарланган. Бейшембиде Киевде Саакашвилинин тарапкерлери нааразылык иретинде президенттин админстрациясына чейин жүрүш уюштурушкан.
2003-жылы Грузиядагы "Роза ыңкылабында" атагы чыгып, өлкөнү 2013-жылга чейин башкарган Саакашвили 2015-жылдын 30-майында украин жарандыгын алган болчу. (КЕ)