Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Коми: балдардын уу чөптөн күйгөнү текшерилет


Аюу балтыркан
Аюу балтыркан

Коми республикасындагы Пажгинск мектеп-интернатында балдардын күйүшү иликтениши керек. Бул тууралуу Орусия президентине караштуу балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Анна Кузнецова билдирди. Буга чейин айрым жергиликтүү маалымат каражаттар мектеп-интернаттын тарбиялануучулары аюу балтыркан уу чөбүн колкапсыз жулуп иштешкенин жазышкан. Жыйынтыгында бир канча өспүрүмдүн колу, буту күйүп калган.

Окуя боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кузнецова аталган мектепке өзү жетектеп турган аппараттын кызматкерлери жөнөтүлөрүн билдирди. Ал эмгек тарбиясынын кандай гана түрү болбосун балдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизбеши керектигин айтты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG