Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

БШКга Текебаевдин талапкер катары көрсөтүлүшүнүн мыйзамдуулугун кароону сураган арыз келип түштү


Борбордук шайлоо комиссиясына У.Исиев аттуу жаран “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин президенттик шайлоого талапкер катары көрсөтүлүшүнүн мыйзамдуулугун карап чыгуу талабы менен кайрылган. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтында кабарланды. Маалыматка караганда, Исиев "Ата Мекен" фракция катчылыгынын кызматкерлери Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиздин аракеттерин да карап, мыйзам чегинде чара көрүү өтүнүчү келтирилген.

Канатбек Азиз бул арыз тууралуу маалыматы бар экенин, бул атайын уюштурулган болушу ыктымалдыгын "Азаттык" радиосуна билдирди.

- Текебаев мыйзам чегинде эле чыккан. БШК өзү талапкер катары шайлоого катыша алат деп жообун берген. Исиевдин атынан арыз жаздырып бул атайын уюштурулган акция болуп жатат. Биз катчылыктын кызматкерибиз. Бул бизди БШКга келбей калсын деген эле аракет болуп атат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гулнара Журабева Исиевдин арызын алгач атайын түзүлгөн жумушчу топ карап чыгарын, андан кийин жалпы жыйынга чыгарыларын “Азаттыкка” билдирди. Азырынча ал качан каралары белгисиз.

"Ата Мекендин" юристтери партия лидери Өмүрбек Текебаевдин өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттик жарышка катышуу тууралуу арызын Борбордук шайлоо комиссиясына 18-июнда экинчи болуп тапшырышкан.

Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов коррупция беренеси боюнча айыпталып жатат. Алар 2010-жылы Убактылуу өкмөттө мүчө болуп турганда орусиялык ишкерлерден “Мегакомду” алардын пайдасына чечүү үчүн миллион доллар пара алган деп шектелүүдө. Саясатчылар кылмыш ишин саясий куугунтук деп атап, өздөрүнүн ак экенин айтып келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG