Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Бишкекте адам сатууга каршы күрөшүү күнү белгиленди


Иллюстрация
Иллюстрация

Бүгүн адам сатууга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул күнгө карата “Арыш” коомдук бирикмеси ЮСАИД менен биргеликте Бишкектин Ак-Жар жаңы конушунда “Тобокели жок миграция” аттуу акция өткөрдү. Анда мыйзамдуу түрдө жумушка орношуу, канткенде адам сатуунун курмандыгы болуп калбаш керек деген маселелер оюн түрүндө, сахналаштырып көрсөтүлдү. Уюштуруучулар чет өлкөгө жумуш издеп кеткендер укуктук сабатсыздыктан улам кулчулукка кабылып калышарын белгилешти.

Кыргызстан быйыл адам сатууга жана мигранттарды мыйзамсыз ташууга каршы күрөшүү боюнча БУУнун глобалдык программасына кошулган. Мунун алкагында Улуттар уюмунун Баңгизатка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы өлкөдө адам сатууга жана мигранттарды мыйзамсыз ташууга каршы күрөшүү боюнча глобалдык программасын ишке киргизет.

Өкмөткө караштуу Миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Алмаз Асанбаев бул программа кыргыз өкмөтүнө 2017-2020-жылдарда адам сатууга каршы күрөшүү аракеттерин жана 2030-жылга чейинки миграциялык саясаты боюнча Улуттук стратегиялык планды иштеп чыгууга түрткү бергенин “Азаттыкка” билдирген.

Расмий маалыматтар боюнча, өткөн жылы кулчулукта жүргөн жана сатылып кеткен 175 кыргызстандык куткарылган. Алардын тең жарымы аялдар жана балдар. Арасында эмгек жана сексуалдык кулчулукка кабылгандар көп. (КЕ)

XS
SM
MD
LG