Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:35

Стамбулда жүздөгөн кыз-келиндер зомбулукка каршы жүрүшкө чыкты


Секулярчы түрк айымдарынын “Биздин жашоо бейнебизге кийлигишпегиле!” деген ураан астында өткөн жүрүшү. Стамбул ш. 29.7.2017.
Секулярчы түрк айымдарынын “Биздин жашоо бейнебизге кийлигишпегиле!” деген ураан астында өткөн жүрүшү. Стамбул ш. 29.7.2017.

Ишембиде Стамбулда жүздөгөн кыз-келиндер зомбулукка жана кийимге карата айтылган талаптарга байланыштуу жүрүш уюштурушту. Алар эски мусулмандык салтка ылайык кийинбей тургандыктарын айтышып, мындай талаптарга карата эч унчукпай калышпастыгын билдиришти.

“Биздин жашоо бейнебизге кийлигишпегиле!” деген ураан менен өткөн жүрүштүн катышуучулары кыска жана ачык кийинип, ушундай эле кийимдерди көтөрүп чыгышты.

Нааразылык жүрүшкө чыккандар Түркияда соңку учурларда айрым аялдар кийген кийимине байланыштуу зомбулук көргөн учурлар катталганын билдиришти. Маселен, Стамбулда орозо айында чолок шым кийген түрк кызды сабап кеткен учур катталган.

Аялдардын укугун коргогон жүрүшкө трансгендер жана ЛГБТ өкүлдөрү да кошулду. Өткөн айда Стамбулда гей-парад өткөрүүгө уруксат берилген эмес.

XS
SM
MD
LG