Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

Германия: түнкү клубда ок атылып, эки киши каза болду


30-июлда эртең менен 34 жаштагы адам түнкү клубдагы башка бир жаранга ок чыгарган.
30-июлда эртең менен 34 жаштагы адам түнкү клубдагы башка бир жаранга ок чыгарган.

Германиянын Констанц шаарындагы түнкү клубдагы 30-июлдагы ок атышуудан эки киши каза болуп, үчөө оор жараат алды. Бул тууралуу жергиликтүү полиция кабарлады. Окуянын чоо-жайы азырынча белгисиз, бирок полиция теракт деген версияны алып таштады.

Жекшембиде эртең менен 34 жаштагы адам түнкү клубдагы башка бир жаранга ок чыгарган. Аны окуя болгон жерге келген полиция атып, ал ооруканада каза болгону кабарланды. Күбөлөр жараат алгандардын арасында клубдун күзөтчүсү да бар экенин айтып жатышат. Клубдун ичиндеги башка адамдар качып же жашынып калганга үлгүрүшкөн. Полициянын өкүлү ок чыгарган адам Ирактын жараны экенин, бирок Германиядан башпаанек сурагандардын катарында эместигин N-TV телеканалына билдирди. Маалыматка караганда, ал узак убактан бери Германияда жашап келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG