Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:15

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр өттү


Кыргыз-өзбек чек арасы.
Кыргыз-өзбек чек арасы.

Бишкекте кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр 29-июлда аяктаганын Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, сүйлөшүү тогуз күнгө созулуп, анда чек аранын бир катар бөлүктөрүн тактоо боюнча иштер жүрдү. Сүйлөшүү соңунда биргелешкен протоколго кол коюлган. Өзбекстан Тышкы иштер министрлиги жолугушуу достук жана конструктивдүү маанайда өткөнүн, өзбек делегациясынын башчысы Илхом Нематов Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен кезиккенин маалымдады.

Кыргызстандын өкмөтү кыргыз-өзбек чек арасын тактоо багытындагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу кабарлай элек.

Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасы 1378 чакырымга созулат, анын 320 чакырымы такталып бүтө элек. Эки өлкө ортосунда чек ара маселесин чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдө 2016-жылдын октябрынан бери жылыштар байкалууда. (NT)

XS
SM
MD
LG