АКШнын вице-президенти Майк Пенс "Патриот" коргонуу системасын Эстонияга жайгаштыруу ыктымалдыгын жокко чыгарбайт. Бул тууралуу эстон премьер-министри Юрий Ратас мамлекеттик ERR телеканалына билдирди. Пенс 30-июлда Таллинге визит менен барган. Ратастын айтымында, “вице-президент менен сүйлөшүүдө бул маселе козголду, бирок так даталар аталган жок". АКШнын "Патриот" коргонуу системасы ракеталар менен согуш учактарын аныктап, кармоого багытталган.
Ратас менен Пенс ошондой эле Орусиянын Эстония менен чек арага жакын жерде аскердик машыгуу өткөрүүгө даярданып жатышын, Эстония, АКШ жана НАТО аларды кантип көзөмөлдөп, маалымат менен алмашып турушу керек деген маселени талкуулашты. Пенс Вашингтон Балтика өлкөлөрүн жана Орусиянын региондогу аракеттеринен кооптонгон Чыгыш Европадагы калган өнөктөштөрдү колдойт деп билдирди. Ак үйдүн өкүлү андан ары Грузия жана Монтенегрого бармакчы.