Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 02:01

Гамбургда кол салган киши радикалдашкан деп шектелүүдө


Гамбургдагы немис коопсуздук кызматкери. 28-июль, 2017-жыл

Германиянын федералдык прокуратурасы Гамбургдагы супермаркетте бычак менен кол салган кишиде “радикалдуу исламчыл” белгилер бар болчу деп шектелгенин билдирди. Мындай тыянакка 28-июлдагы чабуулду иликтеген тергөөчүлөр келишти. Окуя бир кишинин өмүрүн алып кеткен, алтоо жарадар болгон.

Прокуратура Ахмад.А. деген шектүү адам “Ислам мамлекети” же башка радикал уюмдардын мүчөсү болчу деген белгилер жок деп кошумчалады.

Бириккен Араб Эмираттарында туулган палестиналык Германияда баш калка ала алган эмес.

XS
SM
MD
LG