Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:08

АКШ Венесуэла президенти Мадурого каржылык санкция киргизди


Николас Мадуро.
Николас Мадуро.

Кошмо Штаттар Николас Мадурону “өз өлкөсүнүн демократиясына коркунуч келтирген диктатор” деп атаган.

31-июлда Вашингтондун мындай чечими Венесуэлада Баш мыйзамды жазуу органын шайлоодон бир күндөн кийин жарыяланды. Ага ылайык, Мадуронун активдери токтотулуп, америкалыктарга аны менен бизнес жүргүзүүгө тыюу салынат.

“Мыйзамсыз шайлоо Мадуро Венесуэла элинин эркиндигин көз жаздымда калтырган диктатор экенин айгинеледи ", - деп белгиленген АКШнын каржы министри Стивен Мнучиндин билдирүүсүндө.

Шайлоонун алдында Венесуэла президенти Николас Мадуро Конституциялык ассамблеяга шайлоону кубаттаган. Мадуро ассамблеянын түзүлүшү “жаңы доордун барагын ачат” деп айтса, оппозициялык партиялар президент муну менен Конгрессти таркатып, эмки шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну жана өз бийлигин бекемдөөнү көздөйт дешет.

30-июлдагы шайлоо массалык каршылык көрсөтүүлөр менен коштолуп, анда кеминде он киши каза болгону айтылды.

Европа Биримдиги Венесуэладагы демократиянын келечегине тынчсыздануу билдирди.

XS
SM
MD
LG