Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:40

Америкалык дипломаттарга Москвадагы дачага кирүүгө тыюу салынды 


АКШнын желеги.
АКШнын желеги.

Расмий тыюу 1-августтан тарта күчүнө кирүүгө тийиш болгонуна карабай, дипломаттарга эки күн мурун уруксат берилбегенин АКШнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Мария Олсон билдирди. Ал дипломаттар дачада калган буюмдарын ала албай калганын айтты.

Буга чейин Кремл АКШдан 1-сентябрга чейин Орусиядагы дипломаттарынын санын 455ке кыскартууну талап кылган.

Аларга 1-августтан баштап Серебряный бордогу дачаларды жана Москвадагы кампаларды колдонууга тыюу салынарын эскерткен. Мындай кадам Америка Конгресси Орусияга карата санкцияларды күчөткөн мыйзамды жактыргандан кийин кабыл алынган.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кремлдин чечимин негизсиз деп баалап жатат.

XS
SM
MD
LG