Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

«Түнкү карышкырлар» тобуна президенттик грант берилген жок 


Өздөрүн "Түнкү карышкырлар мотоклубу" деп атаган топтун лидери Александр Залдостанов.
Өздөрүн "Түнкү карышкырлар мотоклубу" деп атаган топтун лидери Александр Залдостанов.

Кремл 2012-жылдан бери алгачкы жолу өздөрүн «Түнкү карышкырлар мотоклубу» деп атаган топко президенттик грант берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу "Коммерсант" гезити жазды.

Басылманын маалыматына караганда, байкерлердин бюджеттен акча алуу үчүн жөнөткөн эки арызы сынактын талаптарына жооп бербейт деген негизде четке кагылган. Ошондой эле алардын «Байк-борбордо балдардын жаңы жылдык балаты майрамын өткөрүү» тууралуу өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Аталган топ бул иш-чаралар үчүн бийликтен 15 миллион рублден ашык каражат сураган. Гранттар үчүн арыздарды караган Координациялык кеңешти Орусия президентинин администрациясынын башчысынын орун басары Сергей Кириенко жетектеген.

«Түнкү карышкырлар» тобунун лидери Александр Залдостанов (Хирург) Кремлди жактаган «Антимайдан» кыймылын жетектейт. Ал Европа Биримдигинин жана АКШнын "кара тизмесине" киргизилген жана анын аталган аймактарга кирүүсүнө тыюу салынган. Бирок “Түнкү карышкырлар” тобу жыл сайын Жеңиш майрамына карата Европанын бир катар мамлекеттерин аралап мотожүрүш уюштуруп келет.

2012-жылдан бери бул топко президенттик грант катары бюджеттен 60 миллион рублдай акча берилген.

XS
SM
MD
LG