Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 20:58

Кыргызстандагы Zanoza.kg маалыматтык мультимедиа порталы бүгүнтөн (1-августтан) тарта kaktus.media деген аталыштагы маалыматтык-маанайшат сайты болуп чыга баштады.

Негиздөөчүлөрүнүн айтымында, сайт өзүнүн аталышын окурмандарынын, жарнама берүүчүлөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо себептеринен улам алмаштырды.

Мындан тышкары, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 25-июлдагы чечими менен "ПроМедиа" коомдук фондуна ал негиздеген Zanoza товардык белгисин пайдаланууга салынган тыюу да себеп болгону айтылды.

Аталыш менен бирге бул көз карандысыз интернет сайттын концепциясы да өзгөрмөй болууда.

"Маанайшат, билим таратуу багытындагы материалдар көп болот, албетте, биз жаңылыктардын ыкчам булагы бойдон да кала беребиз. Саясатка кызыккандар Нарын Айыптын narynaiyp.com сайтын окуй алышат", - деп билдирди порталдын редакциясы.

Быйыл мартта Кыргызстандын Башкы прокурору Индира Жолдубаева Zanoza.kg сайтына чыккан "айрым материалдар президенттин ар-намысына шек келтирди" деп сотко жалпысынан 27 миллион сомдук доо арыз берген. Иштер Бишкектеги Октябрь райондук сотунда каралып, прокуратуранын 24 миллион сомдук доо арыздары толугу менен канааттандырылган. Дагы 3 млн сомдук арыз боюнча чечим чыга элек.

24-июлда Ысык-Көлдө өткөн маалымат жыйында өлкө президенти Алмазбек Атамбаев Zanoza.kg сайтына карата берилген арыздар кайра алынбай турганын, муну менен айрым бир тараптуу гана жазган журналисттерге сабак берүү жагы каралганын, маселе сүйлөшүү жолу менен чечилбестигин билдирген.

Ал эми сотко берилген макалалардын авторлору жана өлкөдөгү укук коргоочу бейөкмөт уюмдар жана айдыңдар Zanoza.kg сайтына жана өз оюн эркин билдирген калемгерлерге карата айыптоолордун баарын негизсиз деп четке кагып, бул доолор жана сот жүрүмдөрү - элдик кош ыңкылаптан кийинки Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектөөнүн жаңы далаалаты болуп саналат деген пикирлерин билдиришүүдө. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG