Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 15:55

"Ата Мекендин" мүчөсү Нургазы Бакаев дайынсыз болууда


Нургазы Бакаев

"Ата Мекен" партиясынын активдүү мүчөлөрүнүн бири Нургазы Бакаевдин дайыны кечээтен бери белгисиз болууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна партия мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева билдирди:

- Ал биздин жактоочубуз болчу. Мародерчулук боюнча Юсупов канчалык алдаганын айтып берген телевидениеге, Ютубда да бар. Аны аңдып жүрүп бир нече жолу коркутушкан. Кечээ саат жетиде штабда болчу. Саат тогуздарда "мени УКМКга алып кетип жатышат" деп кыска телефон чалуусу болгон. Ошондон бери жымжырт болуп калды.

"Ата Мекен" партиясынын өкүлдөрү бул факт боюнча күч органдарына кат жолдогону жатат.

Ички иштер министрлиги азырынча комментарий бере элек.

Ал эми Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулайманов "Азаттыкка":

- Эгер адам жок болсо анда ИИМге кайрылышсын. Адам жоголгон фактыга биздин кандай тиешебиз бар? - деп билдирди.

Апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча абакта отурган Абдулла Юсупов аттуу жаран "атамекенчи" төрт депутатты айыптап көрсөтмө берген.

Партиянын лидери Өмүрбек Текебаев беш айдан бери УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Ал орус жаранынан ири суммада пара алган деп айыпталып жатат. Өзү муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук десе, бийлик мындай сынды четке кагууда. (TSh/RK)

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG