Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:58

Биринчи Май райондук сотунун жанында пикет өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды


"Ата Мекен" партиясынын тарапкерлеринин нааразылык акциясы
"Ата Мекен" партиясынын тарапкерлеринин нааразылык акциясы

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун айланасында нааразылык акцияларын өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды. Райондук соттун бул тууралуу чечими 28-июлда кабыл алынганын бүгүн "Азаттык" радиосуна Бишкек мэриясынын маалымат кызматынын өкүлү Калперизат Айдарбекова билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү арыз менен сотко райондун акимчилиги 27-июлда кайрылган:

- Биринчи Май райондук сотунун имаратынын жанында жашаган тургундардан акимиатка көптөгөн арыздар келип түшкөн. Себеби ар кандай нааразылык акциялары өтүп, элге тынчтык берилбей, кээде тез жардам унаасы да өтө албай калган учурлар болгон.

Бул күндөрү аталган сотто оппозициялык саясатчылар, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, экс-министр Дүйшөнкул Чотонов, экс-депутат Садыр Жапаровдун соттук жараяндары өтүп, көпчүлүгү алардын тарапкерлеринин нааразылык акциялары менен коштолууда. (RK)

XS
SM
MD
LG