Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:12

Кийинки жылдан тарта жаңы төрөлгөн бала үчүн сүйүнчү бериле баштайт


Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү мыйзамга кол койду.

Ага ылайык «балага сүйүнчү» бала төрөлгөндө бир жолу, «балага жөлөк» үч жашка чейинки баланы багууга ай сайын, «үй-бүлөгө көмөк» 3төн 16 жашка чейинки курактагы үч жана андан көп баласы бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын жана «социалдык жөлөкпул» пенсиялык камсыздоого укугу жок адамдарга ай сайын төлөнүп берилет.

Мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмүн өкмөт бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жана экономиканын абалына жараша жашоо минимумун эске алуу менен жыл сайын белгилейт.

Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, парламент депутаты Аида Касымалиева буга чейин "Азаттыкка" жаңы төрөлгөндө бардык балдарга 4 миң сом сүйүнчү, үч жашка чейин балдар ай сайын 700 сом, үчтөн көп баласы бар үй-бүлөдөгү балдарга 16 жашка чейин айына 500 сомдон жөлөк пул берилсин деп чегерилип жатканын, бул болжолдуу сан экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG