Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

БШК соттуулугу бар талапкерлердин тизмесин каттоо башталганда жарыялайт


Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 1-августта Бишкекте өткөн басма сөз жыйында билдирди. Анын айтымында, талапкер болуп катталуу үчүн арыз тапшырган 59 кишинин он биринин соттуулугу бар. Жетөө бир жолу, бирөө эки ирет соттолгон. Арасында алдамчылык үчүн жазага тартылгандар, соттуулугу кыскаргандар, оор кылмыштарга жана бийликти күч менен басып алууга аракет көргөн деп күнөөлөнгөндөр, улут аралык, аймак аралык чатакты козутуу, маңзаттарын мыйзамсыз даярдоо, ташуу жана коррупцияга айыпталгандар бар. Шайлдабекова муну президент болууну көксөгөндөрдүн жоопкерчиликсиз мамилеси деп атады:

- Жалпысынан бул көрүнүш талапкерлер тарабынан жоопкерчиликсиз мамиле жасалып жатканын көрсөтүп турат деп ойлойм. Албетте, бизде баарына уруксат берген либералдуу мыйзамдар бар. Жалпысынан эл аралык эрежелерге жооп берет. Эгерде жарандын соттуулугу алынып же кыскартылса ал талапкер катары шайлоого катыша алат.

Шайлдабекованын пикиринде, талапкерликке каттоодо арыз бергендердин катары азайышы мүмкүн. Боршайком шайлоо бюллетенине кирчү талапкерлердин так тизмесин 10-сентябрда жарыялайт. Ага чейин талапкер болом дегендер кеминде 30 миң кишинин колун, миллион сом шайлоо күрөөсүн жана кыргыз тилден сынак тапшырышы керек. Мындан сырткары талапкердин соттуулугу жок болгону эске алынат. Президенттик кызматка ат салышууну көздөп жалпы 59 киши арыз берген. (NT)

XS
SM
MD
LG