Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:56

Москва соту өзбекстандык журналист Али Ферузду депортациялоону чечти


Али Феруз.
Али Феруз.

Москванын Басман райондук соту 1-августта "Новая Газета" басылмасынын журналисти Али Ферузду (Худоберди Нурматов) мажбурлоо менен Орусиянын аймагынан чыгаруу тууралуу чечим чыгарды. Журналистке 5 миң сом өлчөмүндө айып салынганын аталган гезиттин кабарчысы Екатерина Фомина билдирди.

Сот Феруз чет элдик жарандардын Орусияда жүрүү тартибин бузду деп тапты. Буга чейин полиция анын орус жергесинде 2011-жылдан бери мыйзамсыз жүргөнүн маалымдаган.

Кечээ журналистти полиция кармап кеткенин кесиптештери маалымдашты.

Али Феруз Өзбекстандан сегиз жыл мурун чыгып кеткен. Буга атайын кызматтар кызматташууга мажбурлаганы себеп экенин айткан. Июндун башында орус бийлиги ага убактылуу башпаанек берүүдөн баш тартканы белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG