Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:11

"Ата Мекен" мүчөлөрүнүн саясий ачкачылыгы уланууда


"Ата мекенчилер" тобу саясий ачкачылык жарыялашты. Бишкек. 31.7.2017.
"Ата мекенчилер" тобу саясий ачкачылык жарыялашты. Бишкек. 31.7.2017.

Бишкекте оппозициядагы "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрүнүн дүйшөмбү күнү башталган саясий ачкачылык иш-чарасы уланууда. Партия лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов саясий куугунтукка кабылганын айтып, алардын тез арада бошотулушун талап кылган беш адам бул акцияны партиянын кеңсесинде өткөрүүдө.

Текебаев менен Чотонов "Мегаком" уюлдук компаниясына байланыштуу орус жаранынан ири суммада пара алган деген айып менен соттолууда.

Ишти козгогон Кыргызстандын Башкы прокуратурасы бул кылмыш ишинде курулай саясат жок деп билдирип келет.

Саясий ачкачылыкка катышкандардын бири Айбек Султанкуловдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, нааразылык акция тууралуу маалымат тиешелүү медициналык мекемелерге жөнөтүлгөн. Азырынча алар жактан жана бийлик тараптан эч кандай реакция боло элек, деди ал. (RK)

XS
SM
MD
LG