Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

Бийликти басып алууга аракеттенди дегендерге сотто акыркы сөз берилди


Камактагыларды колдоо акциясы
Камактагыларды колдоо акциясы

Бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деген айып менен камакка алынган жарандар тобуна бүгүн сотто акыркы сөз берилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" алардын тарапкерлери билдиришти.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда башынан жабык өтүп келаткан соттук жараяндын бүгүнкү олтуруму түштөн кийин уланат.

Мамлекеттик айыптоо соттолуучулар Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевге 18 жыл, Александр Гусев, Тойгонбек Калматов, Марат Султановго 16 жыл жаза мөөнөтүн сурап жатат. Алар баары былтыртан бери УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Ушундай эле кине менен буга чейин Кыргызстанда төрт оппозиционер соттолгон. Биринчи Май райондук соту 17-апрелдеги өкүмү менен Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыраткан, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен.

Соттолуучулар өздөрү жана айрым жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын, далили жок соттолгонун белгилеп келишет. (ZKo/RK)

XS
SM
MD
LG