Линктер

жекшемби, 25-февраль, 2018 Бишкек убактысы 10:14

АКШ менен достук жана өнөктөштүк мамилени өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясаты үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири болуп эсептелет. Бул тууралуу бүгүн президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни менен жолугушууда айтты.

Жолугушуу элчинин дипломатиялык миссиясы аяктаганына байланыштуу өткөнүн президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

Исаков Гуолтнинин колдоосу астында бир катар долбоорлор ишке ашырылганын, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнүн, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Гуолтни АКШ Кыргызстандагы демократиялык жараяндарды ар тараптан колдой турганын айтты.

Шейла Гуолтни Кыргызстанга элчи болуп 2015-жылдын август айында дайындалган. 1999-2001-жылдары да ал Бишкектеги АКШ элчилигинде иштеп кеткен. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG