Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 23:44

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланууда.

Бүгүн да соттун материалдары менен таанышуу жүрүп жатат. Алексей Модиндин телефондук сүйлөшүүлөрүнүн хронологиясы жана Леонид Маевскийдин сурагы тартылган видеотасма көрсөтүлүүдө.

Аталган орусиялык эки жарандын көрсөтмөлөрүнүн негизинде козголгон кылмыш иш боюнча Текебаев 1 миллион долларлык пара алган, Чотонов аны өткөрүп берген деп соттолууда. Өзүлөрү муну саясий куугунтук деп атап келет.

Материалдар менен таанышуу бүткөндөн кийин сотто тараптардын жарыш сөзү башталат. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG