Кыргызстанда экологдор Ботаника багынын аймагына ветеринардык лаборатория курууга каршы болуп жатышат.
Эколог Эмил Шүкүров лаборатория болгон жерде түрдүү илдет-ылаңдардын козгогучтары да болорун жана эгер алар жер астындагы сууга аралашса кооптуу абал түзүлүшү ыктымалдыгын айтууда.
Ветеринардык лабораторияны Кытай бөлгөн грантка куруу пландалып жатканын, бул үчүн Айыл чарба министрлиги Бишкектин Ботаника багынан төрт гектар жер сурап жатканын кечээ маалымат жыйында мекеменин директору Медет Ахматов айтып чыккан болчу. Ал эгер лаборатория курулса шаар тургундарынын коопсуздугуна коркунуч жараларын, себеби Ботаника багы Аламүдүн суусунун боюнда жайгашканын, ал селден коргоочу ролду да ойноорун билдирген.
Эки жыл мурда Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулган. Анын талаптары боюнча жалпысынан отуздан ашуун түрдүү лаборатория ачуу каралып жатат. Максат - Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияны экспортко чыгаруунун ветеринардык жана фитосанитардык шарттарын камсыз кылуу.
Эколог адистер ветеринардык лабораторияга каршы эмес экенин, бирок ал Ботаникалык бактын аймагында курулбашы керектигин айтууда.
Айыл чарба министрлиги алардын билдирүүсү боюнча азырынча комментарий бере элек. (RK)