Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

АКШ вице-президенти Монтенегро лидерлерине колдоосун билдирди


АКШ вице-президенти Майк Пенс (солдо) жана Монтенегронун премьер-министри Душко Маркович. Подгорица. 01.8.2017.
АКШ вице-президенти Майк Пенс (солдо) жана Монтенегронун премьер-министри Душко Маркович. Подгорица. 01.8.2017.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс Монтенегронун (Черногория) лидерлерин "Орусиянын кысымына" туруштук бергени үчүн кубаттады. Ал мындай сөзүн 1-августа Монтенегронун президенти Филип Вуянович баштаган саясатчылар менен сый тамак маалында айтты.

"Сиздердин эрдигиңиздер, өзгөчө Орусиянын кысымы алдындагы эрдигиңиздер дүйнөнү шыктандырат. Мен ал үчүн сиздерди кубаттайм", - деди Майк Пенс.

Калк саны 620 миң кишини гана түзгөн Монтенегро быйыл июнь айында Түндүк-атлантикалык аскердик ынтымакка (НАТО) мүчө болуп кирген.

Балкан чөлкөмүндөгү бул өлкөдө АКШ президентинин Чыгыш Европага жасаган соңку визити аяктады. Ага чейин Майк Пенс Балтика өлкөлөрүнө жана Грузияга да барган. Ал Тбилисидеги сапарында АКШ Орусиянын Грузиянын бөлүгүн каратып алуусун айыптайт деп билдирген.

XS
SM
MD
LG